15:28
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Туристтик мезгил. Чүйдө милициянын 2 көчмө кабылдама пункту ишке киргизилди

Бүгүнтөн тарта Чүй облусунда жайкы туристтик мезгилге карата чет өлкөдөн келген жана жергиликтүү эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында милициянын 2 көчмө кабылдама пункту ишке киргизилди. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчмө кабылдамаларда үчтөн кызматкерлер нөөмөттө турушуп, өздөрүнө бөлүнгөн жол карталар боюнча иш алып барышат.

«Көчмө кабылдама жарандардан түшкөн арыз-даттанууларды кабыл алып, аларды ыкчам түрдө чечүүнү колго алып, жардам сурагандарга кеп кеңештерди берүүнү жүзөгө ашырышат. Аталган пункттар жайкы эс алуу мезгили аяктаганга чейин бир автоунаа Аламүдүн районундагы Ленин айылынан тарта «Гавайи» эс алуу борборуна чейинки аймакта күзөттө жүрсө, 2-көчмө кабылдама «Гавайи» эс алуу борборунан Ысык-Көл облусуна чейинки айланма жолдогу коопсуздукту камсыз кылышат», -деп билдиришти ОИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби