03:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Депутат: Кыргызстанды дааратканын өлкөсүндөй жарнамалап жатат

Туризмди колдоо фондунун кызматкерлеринин айлык акысы 60-70 миң сом. Бул тууралуу фонддун жетекчиси Елена Калашникова билдирди.

Депутат Кундузбек Сулайманов фонддун иштөө багытына нараазычылыгын айтты.

«Кечке эле даараткана жөнүндө айтасыз. Андан башка бизде кооз жаратылыш бар. Даараткана кадырысе иш болушу керек. Сиз аны жарнамалап, бизди дааракаткана өлкөсүндөй көрсөтүп жатасыз. Бул сиздин башкы минус», — деди ал.

Белгилей кетсек, Туризмди колдоо фонду жыл аягына чейин 21 RestPoint (жол боюнда эс алуу жайы) курууну пландаган. RestPoint жайларында даараткана, намазкана, кофейня жана телефонду кубаттоого ылайыктуу шарт түзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар