23:56
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Космоско учкан туристтер аман-эсен кайтып келишти

Жер орбитасынан биринчи жолу туристтерди алып чыккан Crew Dragon кемеси үч күндүк сапарын жыйынтыктады. Туристтик экипаж жайгашкан капсула 18-сентябрда Атлантика океанына келип түштү.

Inspiration4 деп аталган экипаж НАСАнын Кеннеди борборунан 15-сентябрда космоско учкан. Сапар толугу менен автоматташтырылган.

Буга чейин июль айында миллиардерлер Ричард Брэнсон менен Жефф Безос өздөрүнүн компаниялары жасаган кемелерде космоско көтөрүлүшкөн.

Inspiration4 экипажын болсо миллиардер Жаред Айзекман каржылады жана биринчилерден болуп космос бардык адамзат үчүн ачык болууга тийиштигин иш жүзүндө көрсөттү.

Айзекман 38 жаштагы тажрыйбалуу учкуч. Анын космоско учуу үчүн SpaceX компаниясына канча каражат төлөгөнү белгисиз. Ал башында турган төрт кишилик экипажда геолог Сиан Проктор, АКШ Куралдуу күчтөрүнүн ардагери Крис Семброски жана дарыгер Хейли Арсено болду. Булардын ар бири өзүнчө төрт баалуулуктун: лидерликтин — миссиянын башчысы Айзекман, бала кезинде рак оорусун жеңген Хейли — үмүттүн, геолог Сиан Проктор — гүлдөп өнүгүүнүн, ал эми мурдагы аскер кызматкери Крис Семброски — айкөлдүктүн символу катары белгиленген.

Inspiration4 экипажы отурган капсула орбитага 575 чакырым көтөрүлдү. Бул Эл аралык космос станциясынан жогору аралык.

Учуу толук автоматташтырылган болсо да, космостук туристтер сапарга алты ай даярданышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар