04:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бектемир Мамаюсупов: Туристтер менен иштешип, аймактарды кыдырган жагат

2013-жылы «Салам, Нью-Йорк!» тасмасындагы башкы каармандын ролу Бектемир Мамаюсуповго атак алып келип, актёр катары таанылган. Учурда ал тасма айдыңынан алыс кетпей, кыска метраждуу фильмдерге продюсердик кылууда.

Каарманыбыз аткарган иштери, тасма талаасы жана аны көп ойлондурган туризм чөйрөсүнөн кеп кылды.

Бектемир Мамаюсупов «Миллиондук мелдеш» жана өзү продюсердик кылган «Кыргызстанга кош келиңиз!» тасмаларында роль жараткан.

— Кыска метраждуу тасмаларга продюсердик милдетти аткарып жатыптырсыз, фестивалдарга катышайын деп турасызбы?

— Ооба, кинофестивалдарга катышуу максатыбыз бар. Учурда чыныгы окуянын негизинен алынган майып кишинин окуясын чагылдырган «Дубалдагы издер» аттуу тасманын үстүндө иштеп жатабыз.

Буга чейин «Кыргызстанга кош келиңиз!» аттуу тасмада продюсер катары иштегенмин. Толук метраждуу фильмдер кенен убакытты да, акча каражатын да көп талап кылгандыктан, учурда кыска тасмаларга басым жасап жатам. 

— «Кыргызстанга кош келиңиз!» аттуу тасмага орусиялык актёр катышкан, негизи эле актерлордун гонорары, тасманын чыгымы кандай болду? Кеткен чыгым өзүн актай алдыбы?

— Аталган тасмага Медербек Жалилов аттуу жигит режиссерлук кылган. Аны Москвадан чакырып, «тасманы тартабыз, биздин колдон келет» деп бир айдын ичинде тартып салганбыз. Албетте, бул убакыт тар болгондуктан кемчиликтер да болду. Жалпы 160 миң доллардай акча короду, бирок тилекке каршы чыгымын актаган жок. Тасмага өнөктөштөр тартылып, ошолор каржылаган.

Азыркы кыска метраждуу тасмаларга демөөрчү жок, өз акчабызды коротуудабыз.

Биздин башкы максат — өлкөгө туристтерди тартуу. Кыргызстан — туризмдин өлкөсү экендигине мен ишенем.

Андыктан, кооз жаратылыш, уникалдуу жана кызыктуу жашоо турмушту көргөзгөнгө аракет кылабыз.

— Туристтик агенттик ачтым деп жүрдүңүз эле?

— 4 жыл мурда ачып, бирок толук иштете элекмин. Бүгүнкү күндө туристтик зона даярдап атабыз, ал да ишке кире элек.

Негизи туризмге өзүм кызыгамын, тоолорго, жаратылышка жакынмын. Буга чейин ар түрдүү жумуштарда иштеп көрдүм, бирок тоодо жашап, туристтер менен иштеген, аймакты кыдырган жакты. 

— Тасма тартуу боюнча атайын билимиңиз барбы? «Кино-кыйноо» дешет, тасма айдыңына аралашууда кыйынчылыктар болот деген коркуу сезимдери болдубу?

— Тасма тартуу боюнча атайын билимим жок, бул менин хоббим. Биз тасма тартуу иштерине коркпой эле аралаштык. Анткени бул жаатта аз да болсо тажрыйбам топтолуп калган. 2006-жылы Кытайга билим алуу үчүн барып, анда Голливуд тарткан тасмаларга кыска эпизоддордо тартылып жүрдүм.

Кийин «Салам, Нью-Йорк!» тасмасын 3 киши тартып салганбыз. 2 жарым айдын ичинде уктабай, жүгүрүп жүрүп бүтүргөнбүз.

Мен жеке эле актёр эмес, айдоочу, уюштуруучу болуп, команда менен иштегенбиз. Кыскасы, тасма тармагында гана эмес, уюштуруучулук жактан да мол тажрыйба топтой алдык.

— Туризмге күйгөн адам катары уран казууга каршы митингдерге катышсаңыз керек?

— Албетте, уран темасы мени кайдыгер калтырган жок, маселени социалдык тармактардан байкап отурдум. Эгерде «болбой калды, уран кени казылат» деген расмий чечим кабыл алына турган болсо, анда сөзсүз митингге чыкмакмын. Кыргызстандын таза суусу, жаратылышы, тоолору менен дүйнөгө мактанабыз.

Менин жеке пикиримде, жаратылыш менен эриш-аркак жашашыбыз керек. Шаарда жол тыгындарын жараптай, айылга көчүп кетүү маселени жакшы жагына чечмек. Ал үчүн туризмди өнүктүрүп, Кыргызстандын булуң-бурчундагы ар бир үйгө канализация, ысык суу киргизүү зарыл. Калганын эл өзү эптеп кетмек. Дагы бир маселе ар бир айылда оорукана болушу шарт. Туризми өнүккөн өлкөлөрдү карасак жасалма туризм менен каражат табышат. Дубайга Бурдж-Халифа мунарасын көрүү, же пальмалардын үстүнөн парашют менен секирүү үчүн барышат. Кытайга болсо тоонун үстүндө орнотулган Будданын айкелине сүрөткө түшүрүү үчүн дүйнө жүзүнөн туристтер топтолот. Бизде нукура туризм. Келген меймандарга тоого чыгып ат үстүндө сейилдеген жагат. 

Бектемир Мамаюсуповдун жеке архивинен алынды
Фото Бектемир Мамаюсуповдун жеке архивинен алынды

— Өз кесибиңиз боюнча тамак-аш инженери экенсиз, адистигиңиз боюнча иштегенсизби?

— КМТУга тамак-аш инженериясы тармагына ата-энемдин каалоосу боюнча тапшыргам, бирок толук кандуу окуган жокмун. Анткени менин тилегим архитектор болуу эле. Кийин Ошко которулдум, ал жакта аталган адистикти жаап салышыптыр, акырында ӨКМ тармагына которулуп ошол жакты аяктадым.

— Тасмага тартылып, атактуу болбогонуңузда жашооңуз кандай болмок деп ойлойсуз?

— Тасмага тартылбасам, Америкада дагы калып жашамакмын. Ал кезде жаңы бизнести баштап жашоом бир нукка салына баштаган. Балким, ал жактан кайтканда саясатка кирмекмин. Бирок, менин тасмага тартылып белгилүү болуп кетүү максатым жок эле.

— Көпчүлүк жаштар чет жерде билим алып, иштеп жашап калган соң, мекенине кайтууга шашпайт. Сиз эмне себептен кайтып келдиңиз?

— Биринчиден үй-бүлөдө жалгыз уулмун. Менталитет бир четинин таасирин берди десем болот. Экинчиден тасмага тартылуу үчүн көп эмгек, күч жумшадык. 24 саат иштеп, ашып кетсе 2-3 саат уктайт элек. Маңдай тер менен жаралган эмгекти, тасманы эл менен, ата-энем менен өз мекенимде чоң кинотеатрда көрөйүн деп келе бергенмин. Кийин жолдор ачылды, бул жакта калайын, максаттарыма жетейин деп калып калдым.

Мен алдыга койгон максаттарыма жетиш үчүн талбай аракет кылам. 

Бектемир Мамаюсуповдун жеке архивинен алынды
Фото Бектемир Мамаюсуповдун жеке архивинен алынды

— Социалдык тармактардын активдүү колдонуучусузбу?

— Социалдык тармактарды максаттуу пайдаланам. Инстаграм баракчам жабык болгондуктан, ачпайсыңбы, акча таппайсыңбы, тамада бол дегендер бар. Бирок, мен ага кызыкпайм. Жарнама дагы кылбайм, ким издеп тапса табат. Жарнама кылып бер дегендерге макул болом, бирок акы албайм. Анткени катталуучум аз. Жарнама кылып берсем эле иши жүрүшүп кетет деп убада кыла албайм, муну өздөрүнө деле айтам. 

— Чет жерде айдоочу болуп иштептирсиз, бул жаатта тажрыйбаңыз мол болсо керек. Кыргызстанда жол эрежесин бузуп, милицияга түшүп калган убактар болобу?

— Албетте, жол эрежелерин реалдуу түрдө бузсам, анда айып төлөйм.

Мен АКШда чоң жүк ташуучу унааларды айдап иштегем. Өзүмдү мыкты, дасыккан айдоочу катары эсептеймин

Бизде айыппулду 2 эсе көбөйткөнгө жеке мен макулмун, бирок буга элдин баары нааразы. Дүйнө жүзүндө ушундай. Азыр өлүм, кырсыктар азайып калганы байкалууда. Элди айыппул менен коркутуп туруш керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума