08:31
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Чындыкты Батукаев өзү айтып берет деп ойлойм. Атамбаев элге билдирүү жасады

Экс-президент Алмазбек Атамбаев айланасында болуп жаткан окуяларга байланыштуу билдирүү жасады. Ал эл чындыкты укпасын деп Сооронбай Жээнбеков үнүн басыш үчүн бүт аракетин жасап жатканын айтты.

«Бул максатка жетишүү үчүн мамлекеттик органдардын бүткүл ресурсу иштеп жатат. Буга мурдакы ыплас коррупциялык иштери менен белгилүү болгон эң эле ыплас саясатчылар тартылган, кадыресе адептин чегинен чыккан маалыматтык технологиялар пайдаланылууда. 

Мен мурда бул оюнга катышпай турганымды билдиргенмин. Жоопкерчиликтен корккон жерим жок. Бирок тарыхтын алдында Жээнбековдор кылып жаткан мыйзамсыздыкты легалдаштырууга акым жок. Кылмыш иштери ушактарга жана ойдон чыгарылган ыплас нерселерге негизделиши мүмкүн экенин эч качан ойлогон эмес элем. Башкы прокурордун жагалданып, мындай жөөлүгөн калжыракты бир күндүн ичинде мыйзамдаштырып берери оюма да келбептир. Бул биринчиден. Экинчиден, мени парламентке эч ким чакырган эмес. Анткени чындыктан коркушат. Өзүлөрүнүн бардык арам иштерин бул суу жүрөктөр бетпактык менен тымызын жасап көнүшкөн. Бажыдагы чектен чыккан коррупциянын бетин ачкан Кубан Кулматов менен Сапар Исаковду да ушундай эле коркоктук жана кара санатайлык менен камап салышкан», -деди мурунку президент.

Ал прокуратура бизнес өнөгү катары көрсөтүүгө аракеттенип жаткан Субихи Пархатини мисал кылып алды. «2017-жылдын жайында Сооронбай Жээнбеков мага тааныштырган «АКА инвесттин» башчысы Хабибулла Абдыкадырдын сунушу менен менин мурдакы компанияларымдын бирин сатып алган адам. Жээнбеков мага Хабибулланы Кытайдан келген таанымал ишкер деп тааныштырган. Ошондуктан «АКА инвесттин» ээлери жөнүндө, бул компаниянын Кыргызстандын аймагындагы ишкер-долбоорлорго катышуусу, алган лицензиялары жана алардын Матраимовдор менен болгон байланыштары жөнүндө Сооронбай Жээнбековдон сураш керек», -дейт экс-президент.

Артыкбаев менен Атахановдун мага каршы берген көрсөтмөлөрү да кысым астында алынганы ачык-айкын көрүнүп турат. Бул тергөө менен келишимге келүү эмес, өз ыйманына камчы чапкандык. Ыйман деле буларда калбаган окшойт.

Алмазбек Атамбаев убагы келгенде Батукаевдин иши боюнча болгон чындыкты Батукаев өзү жигитчесинен айтып берет деп ойлойт.

«Мен ошондой эле бул маселе боюнча Россия президенти Владимир Путин да өз сөзүн айтаарына ишенем, анткени мен андан Батукаевди кайрадан Кыргызстанга кайтаруу жөнүндө оозеки да, кат түрүндө да далай жолу сурангам. Мен өзүмдүн президенттик мөөнөтүмдүн акыркы күнүнө чейин Батукаев кайра Кыргызстанга өткөрүлүп берилет деп ишенгенмин. Бүгүн бул фактылар туурасында кыргыз бийлиги унчукпай жатат», -деди ал.

«Сооронбай Жээнбеков көлдөй болуп мемиреп, тынч жаткан элди көздөй мыйзамсыздыктын, зөөкүрлүктүн кара ташын ыргытты. Эми бул көлдөн көтөрүлгөн толкун Жээнбековдун өзүн да, анын түрү суук үй-бүлөлүк — кландык режимин да шыпырып кетери анык. Экономикада жана социалдык чөйрөдө эч кандай оң жылыштар болбой, мамлекеттик башкаруу шал абалга кептелип турган азыркы кырдаалда бул толкунду эч ким токтото албайт», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар