15:36
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө элдик штабдын мүчөлөрү менен жолукту

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы үйүндө элдик штабдын мүчөлөрү менен жолукту.

Эске салсак, буга чейин мурунку президенттин тарапкерлеринин штабы түзүлүп, Кой-Ташта ЖМК өкулдөрү үчүн басма сөз борбору уюштурулган.

Мындан тышкары экс-президент бүгүн «Апрель» телеканалында «Саясий туткундарды колдоо» телемарафонун уюштурду.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын депутаттык комиссия кабыл алган чечимди Башкы прокуратурага өткөрүп берген. Демек, мурунку президент кылмыш ишине катыштыгы бар делип, камакка алынышы мүмкүн.

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин депутаттары мурунку президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жасалган кылмыштын белгилери тууралуу башкы прокурордун корутундусун бир добуштан колдошту.

Эң көп окулган жаңылыктар