17:31
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Анын тагдырына кайдыгер эмесмин. Жээнбеков Атамбаев тууралуу

Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында мурунку президент Алмазбек Атамбаевге байланышкан окуяга түшүндүрмө берди.

«Мен анын тагдырына кайдыгер эмесмин, биз 2005-жылдан 2010-жылга чейин ал жана мен, ошондой эле өлкө үчүн эң оор жылдарында үзөңгүлөш болдук. Мен Ошто, ал Бишкекте биздин эл каршы турган режимге каршы күрөштүк. Бул суроо жөнөкөй суроо эмес», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал мурунку президент тараптан көп жолу жөнү жок айыптоо болгонун айтты. «Президент болгондон тарта менин дарегиме болгон жөнү жок айыптоолорго эч нерсе деп жооп берген жокмун. Мен үчүн өлкөнүн туруктуулугу, коомчулук менен элдин биримдиги маанилүү болчу.  Дарегиме кандай сөздөр айтылганына күбө болсоңуздар керек. Коомду экиге бөлүүгө аракет кылышты», — деди президент.

Алмазбек Атамбаев өзүн дагы, мени дагы туңгуюкка кептеди. Эми маселе укук талаасында чечилиши керек.

Сооронбай Жээнбеков

«Буга чейин маселени экөөбүз ортобузда чечишибиз керек болчу. Бирок биз чектен чыктык. Эми маселе укук коргоо органдарынын жана соттун колунда», — деп кошумчалады ал.

 

Эң көп окулган жаңылыктар