17:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанга тартылган инвестициялардын көлөмү 38 пайызга көбөйдү

Кыргызстанга тартылган инвестициялардын көлөмү 38 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлүүдө.

«Ишкерлерди текшерүүгө тыюу салынды, бизнес-акыйкатчы институту киргизилди. Бишкекте электрондук нотариатты киргизүү боюнча иш жүрүүдө», — деди президент.

Ал 2019-жылы чет элдик инвестициялардын көлөмү 38 пайызга көбөйгөнүн айтты. «9 ай аралыгында инвестициялардын 61 пайызы аймактарга келип түштү», — деп кошумчалады мамлекет башчы.

 

Эң көп окулган жаңылыктар