21:31
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Батукаевдин иши. Нарын шаардык сотунун мурунку судьясы 2 айга камакка алынды

Нарын шаардык сотунун мурунку судьясы 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин Нарын шаардык сотунун мурунку судьясы Жапар Эрматов мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча суракка алынган. Сот баш коргоо чарасы катары 2 айга тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган.

Буга чейин Жапар Эрматов үй камагына чыгарылды деген маалымат тараган. Бүгүн ИИМ бул маалыматты четке какты. 

Азиз Батукаев 2013-жылы «лейкоз» дарты коюлуп, медиктердин «эки аптадан кийин өлөт» деген бүтүмүнүн негизинде түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен. Көп өтпөй Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, Азиз Батукаев мыйзамсыз абактан чыгарылган бүтүмүн жарыялашат. Комиссия ага коюлган дарт такталбаганын ырасташат. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, ордунан жылган эмес.

Жыл башында иш кайра жанданып, тергөөнүн жүрүшүндө онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурунку башкы прокурор Аида Салянова кармалды.

Белгилей кетсек, Азиз Батукаев 2006-жылы 16 жылга соттолгон.

Эң көп окулган жаңылыктар