18:57
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкек ЖЭБди модернизациялоого насыя алууну Каныбек Иманалиев жактырган

Бишкек ЖЭБди модернизациялоого насыя алууну жактыруу тууралуу Эл аралык иштер боюнча комитеттин чечимин Каныбек Иманалиев колдогон.  Комитеттин 2013-жылкы чечиминин сүрөтүн социалдык тармактарга жүктөштү. 

Документте Бишкек ЖЭБди модернизациялоо долбоору үчүн комитет насыялык макулдашууну карап чыкты деп жазылган. Анда Кыргызстандын өкмөтүнүн атынан Каржы министрлиги менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы тууралуу айтылат. Отурумдун жыйынтыгы боюнча комитет документти жактырууну чечишкен. 2013-жылы комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев кол койгон. 

Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча кылмыш иши козголуп, энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электрстанциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов, мурунку өкмөт башчылар дагы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума