04:19
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сапар Исаков 13 августка чейин тергөө абагында болот

Жогорку соттун кылмыш иштери жана административдик мыйзам бузуулар боюнча соттук коллегиясы Сапар Исаковдун бөгөт чарасын карап, Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимин өзгөрттү.

Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, буга чейинки инстанциядагы соттор «Сапар Исаков 13-августка чейин тергөө абагында болушу зарыл» деген чечим чыгарган. Ал эми Жогорку соттун соттук коллегиясы бул датаны 5-август деп аныктады.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айып коюлган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Адвокаты Нурбек Токтакунов анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп Жогорку сотко арыз жазган.

Эң көп окулган жаңылыктар