16:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкек ЖЭБ чыры. Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранышты

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу арызды кароону кабыл алды. Бул тууралуу КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ал соттук органдар учурда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишти карап жатканын билдирди. Темирлан Султанбековдун пикиринде, Асылбек Жээнбеков төрагалык кылып турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана шалаакылыкка жол берилген.

Темирлан Султанбеков депутатты камакка алууну, ошондой эле анын жакын туугандарын тергөөгө басым болбошу үчүн убактылуу кызматтарынан четтетүүнү талап кылат.

Арыздын демилгечисинин айтымында, Бишкек ЖЭБдеги модернизация иши Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 11-декабрында кабыл алынган насыялык келишимди («Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Кытайдын экспорттук-импорттук банкы менен КР өкмөтү (Каржы министрлиги) ортосунда жеңилдетилген сатып алуучу насыя) ратификациялоо тууралуу мыйзамдын негизинде аткарылган.

«Ошентип, бийликтин аткаруу органдарынын өкулдөрүнүн андан аркы иш-аракеттери жогоруда аталган мыйзамдын негизинде жүргүзүлгөн. Алар күнөөлөнбөшү керек, анткени Жогрку Кеңеш тарабынан кабыл алынган документтердин жоболоруна гана таянышкан», -деди Темирлан Султанбеков.

Ошол эле убакта ал келишимди ратификациялоодо «Регламент» тууралуу Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөр бузулган. Документке ылайык, мыйзам долбоорлору 3 окуу процедурасы боюнча каралып, кабыл алынат. Алардын ар биринин арасындагы убакыт 10 жумушчу күнүнөн кем болбошу жана 30 жумушчу күнүнөн ашык болбошу керек.

«Ошентип, Бишкек ЖЭБ боюнча келишимди ратификациялоону жөнгө салуучу мыйзам парламент тарабынан минимум 1,5 айдын ичинде кабыл алынышы керек болчу. Бул убакыт аралыгында депутаттар каталарды таап, аларды оңдошу керек эле. Бирок, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун чечими менен Жогорку Кеңеш мыйзамды бир күндө кабыл алган», -деп айтылат маалыматта.

Темирлан Султанбеков «Регламенттер тууралуу» Мыйзам мыйзам долбоорун бир жолку 3 окууда кабыл алууга жол бере турганын айтат. Бирок, насыялык келишимде мындайга жол берилбейт.

УКМКнын тергөө абагында мурунку премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, депутат Осмонбек Артыкбаев, энерготармактын топ-менеджерлери Салайдин Авазов жана Айбек Калиев кармалууда. Үй камагында Каржы министрлигинин мурунку башчысы Ольга Лаврова бар. Алардын баары «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Жемкорлук» беренелери боюнча айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар