16:38
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген

Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин тергөөсү аяктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка таянсак, тергөө Сапар Исаков башында турган бир катар кызмат адамдары бийлигинен пайдаланып TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген келишим түзгөнүн аныктаган. Анын кесепетинен өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тартканы маалым болду.

2010-жылдын февралында Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин (ЦАРИИ) Байланыш кызматынын жетекчиси Сапар Исаковдун катышуусу менен Бишкек ЖЭБин модернизациялоо маселеси каралган. Анда Дүйнөлүк банктын 150 миллион долларлык жана ТВЕА компаниясынын 200 миллион долларлык сунушу каралган. Натыйжада ТВЕА компаниясынын сунушун кабылдоо чечими чыгарылган.

«Бул баа жагынан алып караганда Кыргызстандын кызыкчылыктарына туура келбейт. Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппаратынын орун басар рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда долбоорду ишке ашыруу процессин өз көзөмөлүнө алган. Сапар Исаков жеке кызыкчылыгын көздөп 386 миллион долларга бааланган долбоорду ТВЕА компаниясына генералдык подрядчик болуу укугун берген. Ал ошондой эле ТВЕА компаниясынын бул жаатта тажрыйбасы жок экенине атайылап көңүл бурган эмес. Белгилей кетчү жагдай, көрсөтүлгөн каражат Кытайдын ЭКСИМ Банкынан жылдык 2 пайыз менен 20 жылга насыя катары алынган. Насыя алынгандан бери бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан Кытайга 22 миллион 814 миң 328 долларды төлөп берди», — деп жазылат билдирүүдө.

Учурда айыпталуучу тарап материал менен таанышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби