Ысык-Ата районунда жасалма акча алып жүргөн 2 бала кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга Лебединовка айылынын 39 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз балдар жалпы суммасы 8 миң еврону түзгөн жасалма акчаны алмаштырып кетишкенин айткан.
«Алар 616 миң сомдук чыгым келтиришкен. Аталган окуяга шектелип 29 жаштагы С.А. жана 25 жаштагы С.Д. кармалды», -деп билдиришти ОИИББдан.