17:07
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

15-16-июнь күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.Тоолуу райондордо жайгашкан жайыттарда жаан карга айланышы мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад, облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан жаашы күтүлөт.

15-16-июнда боло турган нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар