19:46
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Тажикстандын президенти Кыргызстанга келди

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

«Манас» эл аралык аэропортунан Тажикстандын президентин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити башталды.

Иш-чарага катышуу үчүн Орусия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын жетекчилери келишти.

Иш чаранын байкоочулары катары Ооганстан, Беларуссия, Иран жана Монголиянын президенттери катышууда. ШКУ саммитинде 20га жакын документке кол коюлушу күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар