16:20
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Беларуссия менен Казакстандын президенттерин Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды

Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунан Беларусь жана Казакстандын президенттерин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Эске салсак, ШКУга 8 мамлекет мүчө болуп эсептелет: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ, алар: Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби