21:36
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

ШКУ. Азия чөлкөмүндөгү ири уюмдун саммитинин башкы темалары

Шанхай кызматтык уюму — Азиядагы ири уюм. Анын курамына аталган аймактагы кубаттуу өлкөлөр — Кытай жана Россия кирет. Мындан улам көпчүлүк ШКУну аймактын экономикалык, коопсуздук маселелеринде маанилүү роль ойногон эки мамлекеттин кызыкчылыгына байланыштырат.

Негизи ШКУнун фунтаменти Кытайдын коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелеринен улам жаралган. Кытай КМШ өлкөлөрү менен чегин аныктоо жаатында иш алып барып, кийин башка дагы коопсуздук чакырыктары, бул жаатта коңшу мамлекеттер менен биригүүгө түртөт.

1996-жылы алгач «Шанхай бештиги» түзүлгөнү маалым. Ага Казахстан, Тажикстан, Кыргызстан, Россия, жана Кытай кирет. Бул курам Өзбекстанды кошуп, 2001-жылы ШКУга айланат.

Азыр ага Индия, Пакистан мүчө болуп, Иран, Монголия, Белоруссия жана Ооганстан байкоочу катары катышууда.

Шанхай кызматташтык уюму коопсуздук боюнча иш алып барганы менен аскердик келишим эмес.

Маданият Юнесконун маданий мурастарынын 15 пайызы ШКУ аймагында жайгашкан.

Уюм эл аралык деңгээлде маанилүү маселелерди көтөрүп, кайсы бир кырдаалда чечичүү ролду ойнобогону менен ага кубаттуулугу жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча айтылып, дүйнөлүк уюмдар жана ЖМК тыкыр көз салат. Ага ШКУга кирген мамлекеттердин калкы дүйнөнүн жарымына тең, ал эми аянты евразиянын 60 пайызын ээлери жана экономикалык күчү экинчи жана ИДӨсү боюнча алдыда турары себеп.

24.kg агенттиги ШКУнун маанилүү моменттерине токтолду.

Үч коркунуч: экстремизм, терроризм, сепаратизм.

Уюм түзүлгөндөн тарта эле ар бир саммитинин башкы темасы — экстремизм, терроризм, сепаратизмге каршы күрөш. Бул Сирия, Ирак, Ооганстандын жакын жайгашканын эске алуу менен мүчө өлкөлөрдүн баары үчүн актуалдуу. Ооганстан акыркы жылдары активдүү катышып, байкоочу мүчө катары кошулган.

Борбордук Азия мамлекеттерине Сириядагы согуштун кесепети, Ислам кыймылынын агымынан улам диний экстремизмге каршы күрөш маанилүү.

Ал эми сепаратизм темасы айрыкча Кытайда курч.

Коопсуздук

Аймактык коопсуздукту уюмга мүчөлөр анын алдын-алуу аракети менен ишке ашыруу үстүндө. Анткен менен ШКУ тынымсыз аскердик машыгууларды өткөрүп турат.

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ички маселеси — чек араны аныктоо. Бирок, Ордо Азиянын чек ара чыры, суу маселелери саммитте көтөрүлө элек. 2010-жылы 11-июнь күнү уюмдун кезектеги саммити Ташкентте өтөт. Ага Кыргызстан катышкан эмес. Саммитте Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган. 2011-жылкы Астандагы саммитине Роза Отунбаева катышат. Бирок, саммитте Кыргызстандын түштүгүндө болгон этникалык кагылыш, коопсуздук жаатында талкууга алынган эмес.

Коопсуздук темасында Кыргызстан баңгизаттын жүгүртүгүн, киберкылмышты көтөрүп келет.

Экономика

Өзбекстан менен Кыргызстан Кытай менен темир жолду куруп бүтүп, соода алаканы жакшыртууга кызыкдар. Бул долбоор бир нече жылдан бери талкууланууда. Россия-Монголия-Кытай дагы өзүнчө коридор түзүшкөн.

Ал эми Кытай өнөктөштөрүн Дүйнөлүк соода уюмунун талаптарын сактап, эркин эл аралык соодага бөгөт койбоого чакырып келет. Бул боюнча 2018-жылкы саммитинде айтылган.

«Биз «муздак» согуш жана конфронтация мезгилиндеги түшүнүктөрдөн арылып, эркин соода жүгүртүүгө жол ачуу керек», — дейт Си Цзиньпин.

Соода бөгөттөрү — ШКУга кирген өлкөлөрдүн экономикалык негизги маселеси. Бул көйгөй Россия, Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстандын ортосунда такай жаралып турат. Аталган мамлекеттер бир экономикалык уюмга (ЕАЭБ) кирип, бажы бөгөттөрүн жоюп салгандыгы карабай, ички рыногун коргоо үчүн негизсиз экономикалык барьерлерди түзүп келет.

Бул маселе ШКУнун бүгүнкү саммитинде айтылганы белгилүү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-октябрь, шаршемби