10:28
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Кыргызстан жана Кытай эки өлкөнүн мамилесин жаңы деңгээлге алып чыгууга даяр

Бүгүн биз тарыхый чечим кабыл алабыз — биздин мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге — ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү баскычына көтөрөбүз. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен анын Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн кеңири курамдагы жолугушууда айтты.

«Сиздин кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине жеке көңүл буруп жатканыңызды биз жогору баалайбыз. Сиздин колдооңуз менен Кыргызстанда республиканын экномикасын өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу долбоорлор жүрүп жатат. Көз карандысыздык жылдары ичинде көрсөтүлгөн жардам үчүн биз кытайлык досторубузга ыраазыбыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент КЭР төрагасынын бул мамлекеттик визити абдан жемиштүү болуп, кыргыз-кытай мамилелериндеги жаркын жана тарыхый учур болот деп ишене турганын билдирди.

«Былтыр биз сиз менен өз ара мамилелердин деңгээлин ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкка чыгардык. Өз ара аракеттешүүнү мындан ары өнүктүрүү жана активдештирүү үчүн бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар