06:15
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мурунку башкы прокурор Аида Салянова № 1 тергөө абагында калтырылды

Мурунку башкы прокурор Аида Салянова № 1 тергөө абагында калтырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Рабига Садыкова журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

«Аида Салянова ден соолугуна байланыштуу сотко келе алган жок. Ал ооруп жатат. Сот апелляцияны ал жок эле карады», -деди Рабига Садыкова.

Эске салсак, Аида Салянова мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча шектелип кармалган.

Азиз Батукаев 2013-жылы «лейкоз» дарты коюлуп, медиктердин «эки аптадан кийин өлөт» деген бүтүмүнүн негизинде түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен. Көп өтпөй Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, Азиз Батукаев мыйзамсыз абактан чыгарылган бүтүмүн жарыялашат. Комиссия ага коюлган дарт такталбаганын ырасташат. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, ордунан жылган эмес.

Жыл башында иш кайра жанданып, тергөөнүн жүрүшүндө онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурунку башкы прокурор Аида Салянова кармалды.

Белгилей кетсек, Азиз Батукаев 2006-жылы 16 жылга соттолгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума