16:52
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Аида Салянованын тарапташтары кол топтошууда. Алар жолду тосконго даяр

Бишкек шаардык сотунда мурунку прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы каралат. Тарапташтары Аида Салянованы коргоо үчүн кол топтошууда.

Мурунку прокурордун туугандары кылмыш ишти объективдүү кароо өтүнүчү менен президентке кат жолдой турганын билдиришти. Аида Салянованын эжеси Чынара Турдалиеванын айтымында, кайрылууга минден ашуун киши кол койду.

Аяткан Абдыкапарова журналисттерге жакындары акыркы чара көргөнгө чейин барышарын айтты. Ал жолду тосо тургандыктарын кошумчалады.

Азиз Батукаев 2013-жылы «лейкоз» дарты коюлуп, медиктердин «эки аптадан кийин өлөт» деген бүтүмүнүн негизинде түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен. Көп өтпөй Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, Азиз Батукаев мыйзамсыз абактан чыгарылган бүтүмүн жарыялашат. Комиссия ага коюлган дарт такталбаганын ырасташат. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, ордунан жылган эмес.

Жыл башында иш кайра жанданып, тергөөнүн жүрүшүндө онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурунку башкы прокурор Аида Салянова кармалды.

Белгилей кетсек, Азиз Батукаев 2006-жылы 16 жылга соттолгон.

Эң көп окулган жаңылыктар