Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан маалымдашты.
Милицияга бир канча жаран кайрылып, Кылычбек аттуу тургунга карата чара көрүүнү өтүнүшкөн. Билдирүүгө ылайык, 2014-жылдан бери ал айыл чарба маанисиндеги жера янттарын сатып келген.
«Жер аянттары Военно-Антоновкада жайгашкан. Алардын баасы 3,5 миң доллардан 8 миң долларга чейин бааланат. Шектүү жабырлануучуларга курулуш үчүн документтерди алып берем деп убада кылган. Жергиликтүү жашоочулар акчаны кайра талап кылганда, ал ар кандай шылтоо айтып бербей койгон», -деп айтылат маалыматта.