18:23
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

ӨКМ: Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

Бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума