22:28
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Асыл Аппасова: Балдардын жан дүйнөсү таза, аларды сындырбаш керек

Жеткинчек кыздардан турган «Көз мончок» чыгармачыл тобунун уюшулганына быйыл 1 жыл толот. Топту башкалардан айырмалап турган өзгөчөлүк -сахнага чыккан кыздар боёнушпайт. Ошондой эле, аткаруусундагы ырлар -жалаң балдарга ылайыктуу чыгармалар.

«Көз мончоктун» чыгармачылыгы тууралуу 24.kg агенттигине продюсер Асыл Аппасова айтып берди.

Асыл Аппасованын жеке архивинен алынды
Фото Асыл Аппасованын жеке архивинен алынды

Топто 6 кыз бар. Сабина, Нурдай, Шаазын, Алтынай, Перизат жана Айбарчын. Кыздардын эң улуусу 10, кичүүсү 8 жашта. 

— Эмне себептен топтун аталышы «Көз мончок»?

— Аталган топ былтыр 1-октябрда түзүлгөн. Кыздардын баары «Шаттык» бий ансамблинде бийлешет. Бир жолу кыздардын ата-энелери чогулуп калып, Нурдайдын (топтун бир мүчөсү) чоң энеси «Асыл, сен ырчылар менен иштешип жүрөсүң, топ түзбөйсүңбү?», деп сунуштап калды. Өзүмдүн кызымдын дагы ырга кызыгуусу башталды. 6 кыздан турган топту түзүп, алгач «Дос менен» деген ырды алып чыктык.

Ысымды тандоодо Шайлообек Дүйшеевге, Зайырбек Ажыматовго кайрылдым. КТРКдагы журналист Гүлнара Пратованын сунушу менен «Көз мончок» деп аталып калды.

— Эркек балдарды тартуу, же топтун санын кеңейтүү планыңызда барбы?

— Эркек балдардын тобун түзүү планымда бар. Анын аталышын дагы «Тентектер» деп тандап койгонмун. Баарын убакыт көрсөтөт. Азырынча «Көз мончоктун» репертуарын толуктоо үстүндө иштеп жатам.

Албетте, өзгөрүүлөр болот. 15-16 жашка чыкканда булардын ордун башка жеткинчектер ээлейт. Азырынча топтогу бир кыз гана ырчылыкты алып кеткиси келет.

— Топтун аткаруусунда кандай чыгармалар бар?

— Алгач «Дос менен», андан кийин «Жаңы жыл», «Айгөлөк», «Жакшы маанай» жана «Кызгалдак» аттуу ырларды элге тартууладык. Менин максатым- баланы бала бойдон калтыруу. Булардын бирөө боёнуп келсе дароо урушам. Баластандын продюсери дагы мага «балдар тобу ушундай болуш керек» деп көп айтат.

Топтогулар жалаң балдарга ылайыктуу ырларды ырдашат, рэп кошпойм, кийимдери да балдарга ылайыктуу. Баланын аурасын түзгүм келет. Топ мына ушундай максат менен түзүлгөн.

— Буга чейин сиздин колуңуздан 3 жеке ырчы тарбияланып, уядан учту. Жаш балдар менен иштешкен жеңилби, же чоңдор мененби?

— Ар бир жумуштун өзүнүн оорчулугу болот. Мен чоңурак ырчылар менен да иштештим. Балдар албетте аяр мамилени талап кылат. Анын үстүнө мен кыздарымдын жан дүйнөсүн шоу-бизнестин былыктарынан коргоп, бала бойдон калуусу үчүн кам көрөм.

Жалгыз кишинин колунан көп нерсе келбейт, мага топтогу кыздардын ата-энелери моралдык жана материалдык жактан ар дайым колдоо көрсөтүп келишет. Алардын жардамы жок эч жакка бара албайм. Балдар менен жүргөндө тазарасың, таптакыр башка дүйнөгө түшүп каласың. Булардын дүйнөсү таза, сындырбаш керек. Гүлгө суу куйгандай эле балдарга дагы жакшы кам көрүү шарт.

— 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата жалпы балдарга каалооңуз?

— Кара нан менен чай ичсек дагы ар бир бала ата-энесинин жанында болсун!

«Көз мончок» тобу 1-июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өлкө аймагындагы балдардын оорубай, аман-эсен чоңоюшун каалашты. Балдар үчүн ар бир күндүн ар бир сааты майрам болсун деген тилектерин билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар