22:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Эмил Жамгырчиев өкмөт башчы анын өкүл атасы деген маалыматты четке какты

«Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен тууганчылдык байланыштыгым жок деп расмий түрдө айтам». Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Эмил Жамгырчиев билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр ага жакын да алыс да тууган эмес. Ал өкмөт башчы анын өкүл атасы деген маалыматты четке какты.

«Менин өкүл ата, апаларым такыр башка кишилер. Айрымдары башкалардын сезимдерин тебелеп, өз кызыкчылыктары үчүн туура эмес маалымат таратып жатканы таң калтырат», -деди ал.

Ал дагы жаңы чагымчыл билдирүүлөргө даяр экенин айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар