Бишкекте соода борборлорунун биринде өткөн ымыркайлардын жарышына 100дөн ашуун наристе катышты.
Баш байгени алгачкы болуп эмгектеп келген үч бөбөк алды. Калган ымыркайлар кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.
Маалыматка ылайык, мелдеште 7-10 айлык балдар жарышты. Алар үч мүнөттүн ичинде 10 метр жерге, эмгектеп келиши шарт болчу. Алардын ата-энелери белгиленген жерге туруп, кызын же уулун чакырышы керек. Бул үчүн оюнчуктар, таттуулар жана гаджеттерди пайдаланууга уруксат берилген.
Калыстар тобу үч жеңүүчү бөбөктү аныктап, аларга кийим-кечек, бут кийим жана башка белектерди ыйгарышты. Эске салсак, аталган иш-чара биринчи жолу өтүп жаткан жок.