08:50
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

«Мектептерге электрондук жазылуу». Окуу мекемелерине 6 миң 369 бала катталды

«Мектептерге электрондук жазылуу» долбоорунун биринчи турунда Бишкектеги окуу мекемелерине 6 миң 369 бала катталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине долбоорду иштеп чыгуучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, баарды болуп 8 миң 979 арыз келип түшкөн. Дагы 1 миң 510 арыз жактырылып, 164ү кароодо турат. Ар кандай себептер менен 443 арыз четтетилди.

Биринчи турдан кийин мектептерде 8 миң 856 орун бош калды. Бүгүн 16-майдан тарта экинчи этап башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар