01:40
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

АКШга виза алып берем деп алдап, акчаны жымырып алган жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБга А.А. аттуу жаран кайрылып, 12-мартта АКШга виза алып берем деп алдап 700 долларын алып качып кеткенин айткан.

Аталган окуяга шектелип 1972-жылы туулган М.Р. кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар