01:16
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Алтын тамга» аттестаты. Тестирлөөгө 1 миң 97 арыз келип түштү

«Алтын тамга» аттестатына талапкер болгон 11-класстын окуучуларынан тестирлөөгө 1 миң 97 арыз келип түштү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тестке 1 миң 44 окуучу катышты.

Тестти кыргыз тилинде тапшыргандардын саны 585, орус тилинде 430, өзбек тилинде 29га жетти. Тесттин жыйынтыгы менен макул болгондор мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан бошотулат.

Билдирүүгө таянсак, бул жылы 11-классты 61 миң, 9-классты 95 миң окуучу аяктайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума