02:39
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Моделдик бизнесте коомдук пикирден коркпогон эрктүү жигиттер гана калат

Буга чейин мырзалардын сырткы келбетин, жөндөмүн баалаган сынактардын жеңүүчүлөрү өлкө ичиндеги утуштары менен гана чектелсе, соңку 3 жылдан бери алар чет өлкөгө чыгып, башка улуттун жигиттери менен күч сынашууда. Республикалык сулуулук сынагынын жеңүүчүлөрү дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштыкка катыша алышат.

Кыздардыкындай эле, жигиттердин иш-чарасы дагы ызы-чуусуз өтпөйт. Бул тууралуу үч жолу мырзалардын сынагын уюштурган дизайнер Алим Серебров 24.kg агенттигине айтып берди. 

— Сынак демөөрчүлөрдүн эсебинен өтөбү?

— Демөөрчү деген жок, издеген да эмеспиз. Болгону өнөктөштөрүм бар, алар колунан келген жардамын беришет. Сынакка катышуу максатында болгону 3 миң сом төлөшөт, ага кийим-кечегинен тарта сулуулук салонуна чейин биз даярдап беребиз. 3 миң сом өздөрүнө гана коройт.

Бизде лицензия бар. Андыктан жеңүүчүлөр дүйнөлүк сынактарга катыша алат. Буга чейин Азиз Юсупов, Аскат Осмоновдор жеңип алышкан. Быйыл Насыр аттуу жигит утуп алды. Ал октябрда дүйнөлүк масштабда Кыргызстандын желегин желбиретип келет.

Буга чейинки уландарыбыз эң сулуу мырзалардын дүйнөлүк тизмесинде топ 4кө кирген. 

Алим Серебровдун жеке архивинен алынды
Фото Алим Серебровдун жеке архивинен алынды

— Мындан 2 жыл мурун уюштурган сынакта катышуучулар нааразычылыгын айтып, чет өлкөгө жиберебиз деп убада кылып, бирок аткарышкан жок деп айтып чыгышкан, ал окуянын аягы эмне болду?

— Аталган «İnternational face» сынагын өнөктөшүм экөөбүз чогуу уюштурганбыз. Чет өлкөдө өтө турган реалити-шоуга аталган компания жибермек. Мен уюштуруу жагын гана мойнума алганмын. Тилекке каршы, аталган долбоор аяктагандан кийин алар менен келишим үзүлдү. Өнөктөшүм менен сынактын катышуучулары кийин өз алдынча сүйлөшүп, маселени чечип алышкан болуш керек.

— Кыргызстанда бир канча сулуулук сынактары өткөрүлүп келет. Алардын кайсынысы расмий экенин кантип билсе болот?

— Лицензиясы жоктор деле сынак өткөзүп жатат. Андыктан, күбөлүгүн сурап, чет өлкөдөгү өнөктөштөрүн да карап көрүү керек. Мен билгенден «Мисс Кыргызстан» расмий түрдө өтөт. Былтыр анын жеңүүчүсү болуп Бегимай Карыбекова аталган.

— Сулуулар сынагын уюштуруу кирешелүү бизнес дешет, бир сынактан сиз канча акча табасыз?

— Мага да башында баары ошондой айтышкан, «бул чоң бизнес, акча көп түшөт» дешкен. Бирок, мен акчасына карабайм, максатым -акча табуу эмес. Жаштарды жакшы таза жолго алып баруу.

Менин сынагым эч кандай киреше алып келбейт. Себеби, иш-чараларым ресторандарда өтөт. Кээде өз капчыктан да төлөп калган учурлар болот.

Алим Серебров
— Акча таппасаңыз мынча убаракерчиликтин эмне кереги бар?

— Убаракерчилик деп үйдөгүлөр да айтат, мен чынында чыгармачылыкты жактырам. Аз болсо да маданиятка болгон салымым десем болот. Акчаны чыгармачылыкка тиешеси жок чакан бизнесимден табам. 

Алим Серебровдун жеке архивинен алынды
Фото Алим Серебровдун жеке архивинен алынды

— Сулуулук сынактарында орундар сатылат дешет, канча турат?

— Негизи ачыгын айтканда орундар сатылышы мүмкүн. Бирок, менин сынактарымда андай нерсе жок. Ал эмес 3 миңди араң төлөгөндөр бар, кыйналып 200 сомдон бөлүп берип турат. Аларга жаман сөз айтпайм, шартын түшүнөм. Сынагым ачык жана таза өтөт десем жаңылышпайм.

Ал эми башка сулуулук сынактарында орундардын баасын билбейм. Ар кандай сумма айтылып жүрөт.

— Акыркы жылдары ушундай сынактардын саны артууда, уюштуруучулар арасында атаандаштык болобу?

— Негизи атаандаштар көп. Бирок, мен атаандашып «мунукун» кылышым керек дебейм. Өзүмдүн позициям, системам, программам бар, ишимди так аткарганга аракет кылам. Эч кимди карап түздөнбөйм.

— Балдар арасындагы сулуулук сынагын коом кандай кабыл алат? Негизги көрүүчүлөр кимдер? Ага катышкан балдарга карата коркутуп-үркүтүүлөр болбойбу?

— Биздин дарекке карата терс пикирлерин айткандар болот, азыр да болуп келет. Бирок, аларга көңүл бургум келбейт, анткени ар кимдин өзүнүн ою бар.

«Эркектер маймылдан бир аз эле сулуу болуш керек» дегенге кошулбайм, азыр 21-кылым.

Интернет аркылуу айтсак да айтпасак да ал ишти жаштар кылып келе жатат. Биз бир гана түз басууга эмес, билим, этика, маданиятка басым жасайбыз.

Катышуучулардын басымдуу бөлүгү шаардыктар. 2018-жылы сынакты циркте өткөргөнмүн. Анда кыргыздын жигиттери ат үстүндө отуруп, кыргыздын улуттук кийимдерин кийип сынакка катышкан. Азыр айылдан келген мырзалар дагы биздин долбоорго тартылып баштады.

Биздин мырзалардын сырткы келбетине карап ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр болот. Бизге чейин деле чыгармачыл адамдар жүзүнө грим кылып келишкен да. Биз жаман иш кылган жокпуз, чечинип алып көчөдө баскан жокпуз.

Алим Серебров
— Сиздердин моделдик агенттикте канча бала тарбияланат?

— Учурда 35тей мырза бар. Жалпысынан 3 жыл аралыгында 500дөн ашуун мырзаларды тарбиялап чыгардык. Алар 14 жаштан баштап 23кө чейинки балдар. 

Алим Серебровдун жеке архивинен алынды
Фото Алим Серебровдун жеке архивинен алынды

— Деги эле моделдик бизнеске аралашкан балдардын бакшы максаты кандай? Туруктуу иштеп кеткендери, Кыргызстанды чет жакта көрсөткөндөрү барбы?

— Ар кандай максат менен келишет. Көпчүлүгү биринчи кезекте эле модель болуп кетем деп ойлошпойт. Алар өзүн алып жүрүү, маданияттуу болуу үчүн кайрылышат. Андан ары ар ким өз жолун тандап, фотограф, журналист болуп кетишет. Биз аларга жөн гана жол көрсөтүп, эч бир кесипти таңуулабайбыз. Моделдик бизнеске өмүрүн байлагандар дагы жок эмес.

Бул тармакта калуу үчүн күчтүү эрк керек. Анткени, биздин коомдогу терс пикирлер кишини депрессияга түртөт. Биз башында келгендерге түшүндүрүп атайын сабак өтөбүз.

Эң көп окулган жаңылыктар