Бүгүн Бишкек шаардык соту УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновду эркиндикке кое берди.
Генерал боштондукка чыккандан кийин соттун мындай чечим чыгарарын күтпөгөнүн билдирди.
«Мени колдогондордун баарына ыраазычылык билдирем. Алардын саны абдан көп экенин билем, жубайым дагы мага айткан. Буга чейин өзүмдү жаман сезип жүргөм, азыр үмүт пайда болду», -деди Мурат Суталинов.