17:52
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Мурат Суталиновго боштондук. Тарапташтары Бишкекте шаардык соттун алдына чогулду

Бишкекте шаардык соттун алдына УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновдун тарапташтары чогулушту. 

Бүгүн Адиса Момуналиева башында турган соттук коллегия Мурат Суталиновдун шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселесин карайт. 

Атайын кызматтын мурунку башчысын колдоо үчүн 50дөй киши чогулган. Тарапташтары «Генерал Суталиновго боштондук», «Айкөлдүк кылгыла» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.

Эске салсак, Мурат Суталинов рактын 4-стадиясы менен ооруп жатат. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин 25 жылга эркинен ажыратылган.

Эң көп окулган жаңылыктар