Бишкек шаардык сотунда УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновду шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча иш каралды.
Сотто күбө катары ЖАМКтын медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы сурак берди. Ал Мурат Суталиновдун чынында эле катуу ооруп жатканын тастыктады.
«Мурат Суталинов дарыланууда. Ал медициналык бөлүмдө 2018-жылдан бери жатат. Ага бөйрөк рагы деген диагноз коюлган», -деди күбө.
Сотто башка күбөлөр дагы Мурат Суталиновдун оорусу тууралуу айтып беришти. «Мурат Суталиновду бир канча жолу колониядан ооруканага алып кетишкен. Мындан тышкары ал колониянын шартында дарыланып турду. 2018-жылы анын оорусу күчөп кетти», -деди Айнура Сыргатаева.
Бирок, сотко Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү, дагы бир күбө келген жок. Мындан улам, сот отурумду кийинкиге жылдырды.
Эске салсак, Мурат Суталинов рактын 4-стадиясы менен ооруп жатат. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин 25 жылга эркинен ажыратылган.