08:17
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Исхак Масалиев: Мурат Суталиновго ырайымдуулук берилсин

Депутат Исхак Масалиев УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновго ырайымдуулук берилсин деп суранууда. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, Мурат Суталинов рак оорусу менен жабыркайт. Мындан тышкары анын бир бөйрөгү жок.

«Кыргызстандын бийлиги өз маалында мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди лейкоз деп эркиндикке чыгарып жиберишкен. Бирок, ал өзүн мыкты сезип басып жүрөт. Мурат Суталинов чынында ооруп жатат. Бирок, аны тергөө абагынан Улуттук онкологиялык борборго которбой эле.», -деди Исхак Масалиев.

«Мурат Суталинов мунапыстын бирине да кирген жок. Аны ден соолугуна байланыштуу кое бериш керек, эркиндикте жүрүп күнөөлүү эмес экендигин далилдесин», -деди депутат.

Жогорку сот Мурат Суталиновду 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча 25 жылга эркинен ажыраткан болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума