01:15
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкек шаардык соту Мурат Суталиновду эркиндикке чыгарды

Бишкек шаардык соту Мурат Суталиновду эркиндикке чыгарды. 

Бүгүн шаардык сот УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу ишти карады.

Жактоочулар Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну жана Мурат Суталиновду эркиндикке кое берүүнү суранышты. ЖАМКтын өкүлдөрү коргоону колдоп чыгышты. Сот Мурат Суталиновду сот залынан бошотту. 

Эске салсак, Мурат Суталинов рактын 4-стадиясы менен ооруп жатат. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин 25 жылга эркинен ажыратылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума