18:21
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Мурат Суталиновду эркиндикке чыгаруу. Соттук отурум кийинкиге жылды

Бишкек шаардык соту УКМКнын мурунку башчысы, ооруп жаткан Мурат Суталиновду эркиндикке чыгаруу тууралуу өтүнүчтү кароо боюнча отурумду 20-мартка жылдырды. 

Соттун катчысынын айтымында, ден соолугуна байланыштуу докладчик келе алган жок. Бирок, тастыктоочу документти Мурат Суталиновдун жактоочусуна жана мамлекеттик айыптоочулардын өкүлдөрүнө көрсөтүшкөн жок.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда Сот системасынын кызматыкерлеринин күнү белгиленүүдө.

Мурат Суталинов рактын 4-стадиясы менен ооруп жатат. Белгилей кетсек, Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан киийн 25 жылга эркинен ажыратылган.

Эң көп окулган жаңылыктар