17:13
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сот Токтайым Үмөталиеваны Кубанычбек Кулматовду коргоо укугунан ажыратты

Ленин райондук сотунда Бишкектин мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата кылмыш ишин кароо уланууда.

Жактоочу Сергей Слесарев соттон Токтайым Үмөталиеваны Кубанычбек Кулматовдун коомдук коргоочусу катары процесске катышууга уруксат берүүнү талап кылды. Ал билдиргендей, Токтайым Үмөталиеваны четтетүү чечими ал жокто кабыл алынган, мындан улам бул иш мыйзамсыз.

Бирок, мамлекеттик айыптоочулар Жазык-процессуалдык кодексте коомдук коргоочу статусу жазылган эмес, мындан улам Токтайым Үмөталиева айыпталуучунун кызыкчылыгын жактай албайт деп билдиришти. Анда жактоочунун лицензиясы да жок.

Бирок, Токтайым Үмөталиева мындай чечимге макул эмес экендигин айтып, залдан чыгуудан баш тартты. Ал өз пикирин айта берерин кошумчалады.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

 
Эң көп окулган жаңылыктар