13:38
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бир нече жарандардан акча алып, аларды батирсиз калтырган аял кармалды

Бир нече жарандардан акча алып, аларды батирсиз калтырган аял алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын апрелинде Чүй облусунун жашоочусу милицияга арыз менен кайрылган. Ал ири курулуш компаниясы куруп жаткан объекттен батир алып берем деп 6 миң 600 АКШ долларын алдап алган Чолпон аттуу чала тааныш аялга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

«Жабырлануучу чет өлкөдө жүрүп, эки жыл аралыгында шектүүгө акча каражатын которуп турган. Кийин алдамчылардын курмандыгы болгонун түшүнгөндөн кийин милицияга кайрылган. Ал эми батирди сунуштаган аял курулуш компаниясына эч кандай тиешеси жоктугу аныкталган», -деп билдиришти ИИМден.

Ушундай эле арыз менен Чүй облусунун дагы бир жашоочусу арызданган. Шектүү аял курулуп жаткан үйдөн батир алып берем деп 4 миң 500 АКШ долларын алган. Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Бишкек шаарында жашаган 1959-жылы туулган С.Ч. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар