19:58
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Дамирбек Асылбек уулу 10 жылга соттолду

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Дамирбек Асылбек уулу 10 жылга соттолду. Бул тууралуу казак ЖМКлары маалымдайт.

Алмата соту бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы аткезчилик иши боюнча өкүм чыгарды.

Дамирбек Асылбек уулу ага коюлган айыптар боюнча «экономикалык аткезчилик» жана «трансулуттук уюшкан топко» тиешеси бар деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Андан тышкары Кыргызстандын жарандары Уланбек Мурадилов 10 жылга жана Чыңгыз Абакиров 8 жылга эркинен ажыратылды. 

Дамирбек Асылбек уулу 10 жылдан кийин, Казакстандан чыгарылып, ага беш жылга кайра кирүүгө тыюу салынды.

Парламенттин экс-депутаты 2018-жылдын февраль айынан бери камоодо. Анын Казакстандын жараны экени аныкталгандан кийин депутаттык мандаты алынган.

Декабрда экс-депутат казак жарандыгынан да ажыратылган. Асылбек уулу өзү сот башталган күнү Кыргызстандын жараны экенин айтып, аны Кыргызстанда соттоону өтүнгөн.

 
Эң көп окулган жаңылыктар