15:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Митингчилер Атамбаев, Жолдубаева жана Сегизбаевди камакка алууну талап кылышты

«Ата Мекен» партияс экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны камакка алууну талап кылат. Бул боюнча бүгүнкү митингде айтылды.

Бишкекте чогулган «Ата Мекен» партиясынын жана «Мекенчил» партиясынын миңден ашуун мүчөлөрү митингге чогулуп, партия лидерлери Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду бошотууну талап кылышууда.

«Атамбаев ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага таянып алып, отуздан ашык кишини саясий куугунтуктун негизинде камашты. Жыйынтыгы өздөрү Кыргызстанды тоноду, өзү Кыргызстандын эң бай адамы болуп отуруп алды. Ошондуктан Атамбаев камалсын, Сегизбаев камалсын, Жолдубаева камалсын!», — деп партиянын талабын саясий туткундарды бошотуу комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев дагы колдоду.

23-апрелде уланган Садыр Жапаровдун соту, 30-апрелге жылдырылды. Текебаев менен Чотоновдун соту баштала элек.

Эң көп окулган жаңылыктар