11:22
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кыргыз жана тажик мигранттары Екатеринбургда мушташып кетти

Интернетке кыргыз жана тажик мигранттарынын массалык урушу тууралуу видео тарады. Окуя Екатеринбургда 19-апрелден 20сына караган түнү болгон. Бул тууралуу «Фергана» агенттиги жазды.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, кыргызтстандык жана тажикстандык жарандар урушкан. Анда 20 чакты киши чогулганын көрүүгө болот.

Роликтин автору Керемет Мокулованын айтымында, коопсуздук кызматынын кызматкерлери окуяга кош көңүл карап, полиция чакырышкан эмес. Жаңжалдын себеби белгисиз бойдон калууда.

Эң көп окулган жаңылыктар