19:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

ЕАЭБтин аймагына 66 кыргыз ишканасы товарын экспорттой алат

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин (Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын) аймагына товарларды чыгара ала турган Ишканалардын реестрине 66 кыргыз ишканасы кирет.

Өлкөдө 38 аккредиттелген лабораториясы жана сертификаттоо боюнча 16 органы ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине киргизилген, алар документтерди берет жана ЕАЭБдин бүткүл аймагында бирдей укукта таанылат.

ЕАЭБдин техникалык регламенттерине өткөрүлдү. 2018-жылдын 1-январына республиканын аймагында ББдин (ЕАЭБ) 45 техникалык регламенти толугу менен күчүнө кирген.

2018-жылы 4 өткөрүү пункту жабдылган, алар: «Манас», «Ош», «Торугарт», «Эркеч-Там» (4,5 млн доллар) жана 7 ветеринардык-контролдоо өткөрүү пункту жабдылган, алар: «Торугарт», «Эркеч-Там», «Достук», «Кызыл Бел», «Кара-суу» т/ж, «Манас» жана «Ош» аэропорттору, 5 автомобилдик жана 4 темир жол өткөрүү пункту реконструкциялоо стадиясында турат.

Эң көп окулган жаңылыктар