11:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Торугарт көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун ачууга даярдык көрүлүүдө

Бүгүнкү күндө Торугарт көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун ачуу боюнча Бажы кызматы Кытай тарап менен иш алып барууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Алардын маалыматында, учурда ЕАЭБ алкагындагы келишимдерге ылайык, жүк ташуучу транспорттордун белгилүү шарттарды карманып, «жашыл коридор маршрут» менен кирүүлөрүнө жол ачык. Товарларды да токтоосуз алмашып туруу боюнча бул биримдикке кирген өлкөлөр менен макулдашылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстан ички рыноктун суроо-талаптарын камсыздоо үчүн азык-түлүктөрдү жана керектелүүчү товарларды сыртка чыгарууга чектөө койгон. Ошол эле учурда ички рынокто суроо-талап жок болгон бирин-экин товарлардын сыртка чыгарылышына уруксат берилген.



Эң көп окулган жаңылыктар