11:26
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Саясый партиялардын шайлоо күрөөсүн түшүрүү сунушталууда

Кыргызстанда саясий партиялардын шайлоо күрөөсүн беш миллион сомдон бир миллион сомго түшүрүш үчүн кол топтоло баштады. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде «Жаратман эл» партиясынын өкүлдөрү басма сөз жыйынында билдиришти.

Ал өлкөдөгү баардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк берүү керектигин белгиледи.

«Шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү саясий жана коомдук капитал топтоп, парламенттик шайлоого катыша турган партияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзөт. Бул элдин талабы. Эл жаңы адамдарды күтүп жатат. Тогуз жылдан бери биз жаңы Баш мыйзам менен жашап жатабыз, бирок эч бир реформа жүргүзүлгөн жок. Атаандаштык жарата ала турган жаңы партиялар жана идеялар керек», — деди партиянын төрагасы Расул Түлеев.

Мыйзамга ылайык мыйзам долбоору боюнча демилге көтөрүш үчүн 10 миң жарандын колу топтолушу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар