07:09
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Быйыл Индия, Кытай, Араб Эмираттарынан туристтердин агымы көп болушу күтүлөт

2019-жылы Кыргызстанга мурдагыдан да көп турист келери болжолдонууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Данияр Казаков билдирди.

Анын айтымында, бул жылы Доха менен Сеулдан түз каттам ачылып, ал туристтердин санынын көбөйүшүнө түрткү болот.

«Индия, Кытай жана Араб Эмираттарынан көп билдирүүлөр келип жатат», — деди ал.

Казаков белгилегендей, бул жылы жаңы маршруттар иштелип чыгып, аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалат. Мындан улам, ал, туризмди өнүктүрүүнү каалаган демилгечилерге колдоо болорун билдирди.

Андан тышкары, ал билдиргендей, туристтер үчүн жөнөкөй шарттардын жок болушу экотуризмдин курч маселелеринин бири болууда.

«Жайлоодогу даараткана маселеси, жалпысынан эле ал, чечүүнү талып кылган маселе. Биз бул багытта иштеп жатабыз. Учурда Ысык-Көлдө кошумча 7 коомдук даараткана орнотулган. Ошондой эле, жол жээгиндеги тез тамактануучу кафелердин долбоорун иштеп чыктык. Ал, бир аттагы кафелердин тармагы болот. Ал жерде тез тамак берилип, сувенирлер сатылып, жылууланган дааратканалар, намазканалар болот», — деди ал.

Казаков белгилегендей, жайлоодо даараткана салууга тыюу салынгандыктан көптөр биодааратканаларды сатып алышууда.

Соң-Көлдөгү боз үй лагеринде үй ээлери мындай дааратканаларды, ал турсун унитаздарды коюп жатышат.

Ал эми, Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу 2019-жылы Кыргызстанга 7,6 млн. чет элдик келе турганын жана алардын дээрлик жарымы турист болорун билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума