17:34
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өмүрбек Бабановго байланыштуу кылмыш иши дагы эле тергөөдө

Өмүрбек Бабановго байланыштуу кылмыш иши дагы эле тергөөдө. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн журналисттерге билдирди.

Ал ишти УКМК иликтеп жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир Темир (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары менен жолугуп, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүргүзүүдө Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу деген кине менен айыпталып, кылмыш иши козголгон. Бирок, издөө жарыяланган эмес.

Бабанов учурда Орусияда ишкерлик менен алектенип жүргөнүн анын санаалашы, парламент депутаты Руслан Казакбаев билдирген.

 
Эң көп окулган жаңылыктар