19:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бабановдун тарапташтарына митингди Горький паркында өткөрүү сунушталды

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун тарапташтарына 13-апрелге белгиленген митингди Максим Горький сейил багында өткөрүү сунушталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынан билдиришти.

Жергиликтүү бийлик тынчтык иш чараларын өткөрүүгө тыюу сала албайт. Андан тыюу салуулар сот аркылуу гана чечилет.

Белгилей кетсек, «Республика» партиясы 13-апрель күнү Бишкек, Нарын, Талас, Каракол шаарларында митинг өткөрмөкчү.

Эң көп окулган жаңылыктар