16:33
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Мурундун бүтүшү, көздөн жаш агуу, чүчкүрүү. Аллергиянын алдын алууга кеңеш

Жаздын келиши менен аллергиянын күчөшү байкалат. Анткени кышкы уйкудан ойгонгон жаратыш жанданып, бүчүр байлап, гүл ачып, айрым аллергиялык ооруларды козгой баштайт. Кээ бир адамдар бул учурда шишип көөп, мурду бүтүп, көздөн жаш агып, чүчкүрүп, териси кызарып ыңгайсыз абалга кептелет.

24.kg агенттиги сезондук аллергиялардын алдын алуу үчүн пайдалуу кеңештерди даярдады.

1

Атайын иммунотерапиядан өтүү

Бул дарылануунун эң натыйжалуу ыкмасы. Эгерде сизде кандайдыр бир аллерген (мисалы бак-дарактын бир түрүнө аллергияңыз болгон болсо) аныкталса, ошол бак-дарактын түрү гүлдөрүн толук ача элек кезде дарыгерлер курамында аллергендин аз дозасы болгон дарыны саят. Организм буга көнө баштайт дагы, бак гүл ачкан маалда аллергияны чакырган затка реакция бербей калат. Эгерде мындай жол менен аллергиядан толугу менен айыга албасаңыз дагы, аллергиялык реакция жок дегенде жеңил формада өтөт.

Мында 2 маанилүү нерсени эске алуу зарыл. Биринчиси, спецификалык иммунотерапияны бак-дарак гүлдөп бүткөн маалда, күздө жүргүзүш керек. Экинчиден, процедура максималдуу түрдө эффективдүү болуш үчүн тынымсыз аткарып туруу зарыл.

2

Гипоаллергендик диетаны сактоо

Гипоаллергендүү диета — бул тамак-аш рационунан аллергияны күчөтүп жибере турган азыктарды алып салуу. Тамак-аштын курамында жеңил азыктар, жашылча жемиштер болушу шарт.

3

Зат алмашууну нормалдаштыруу

Аллергия мезгилинде айрым азыктардан баш тартууга туура келет. Жазында кулпунай менен малинадан, күзүндө дарбыз, коон, жүзүм жана баклажандан баш тартыңыз. Бак-дарактар гүлдөп жаткан маалда жаңгак, кофе, шоколад, какао, бал жана жумуртка жегенге болбойт.

4

Витаминдер менен азыктануу

В жана С витаминдери чаңга болгон аллергия менен күрөшүүдө чоң жардам берет. Ал иммунитетти көтөрөт. Мындан улам, витаминдерди аллергия мезгили келгенге чейин жана келген маалда ичүү сунушталат.

5

Кайсы убакта дарыланууну баштоо керек?

Кээ бир бейтаптар аллергиялык реакция жүрүшүп, оору ортолоп калганда дары ичип чоң ката кетиришет. Антигистаминдик дары-дармекти аллергендер менен болгон байланыштан кийин ичүү, бул пайдасыз.

Эң көп окулган жаңылыктар