18:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Республика» партиясынын митингине Бишкекте, Таласта тыюу салынды

«Республика» партиясынын 13-апрелде митинг өткөрүү сунушуна Бишкекте, Таласта тыюу салынды.

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мэриянын Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын Эски аянтта митинг өткөрүү сунушуна каршы чечимин карап чыкты.

Сот Бишкек мэриясынын чечимин колдоду.

Белгилей кетсек, 13-апрелде аянтта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо күнүнө карата премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда иш чара өтөт.

Талас шаарынын мэриясы дагы борбордун аянта «Республиканын» митингине каршы чыккан. Бул боюнча чечимди жергиликтүү сот карайт.

Эң көп окулган жаңылыктар