Элдик курултай референдум өткөрүү үчүн кол топтоп баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйында Азимбек Бекназаров билдирди.
Мыйзам долбоор иштелип чыгып, Юстиция министрлигинен каттоодо өттү.
«27-апрелде экинчи элдик курултай өтөт. Ошол жерде кол топтоону баштайбыз. Конституцияга ылайык 10 миң жаран макулдугун берсе, мыйзам долбоор Жогорку Кеңешке киргизилет», — дейт Азимбек Бекназаров.
Референдумга үч суроо алып чыгылат: Президенттин, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жылдык отчетун Бүткүл элдик курултайда каралышы жана ага баа берилиши; Президенттик, же парламенттик башкаруубу; Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоо системасын өзгөртүү.
Элдик курултай референдумду 2019-жылдыгн 24-ноярында өткөрүүнү сунуштайт.